Ынтымаксыз, биримдиги жок, ыркы жоктук, ич-ара пикир келишпегендик. - Ит тартышы бүтчү беле ордоңуздун! - деди Бекназар (Касымбеков). -Мына, аталыктын көзү өттү, эми көрүп алабыз, ордодо дагы ит тартыш чыгат (Касымбеков). Туугандын куйтусу болсо наалат айтып, душмандын түздүгү болсо ыракмат айтып, бул ит тартыш дүйнөдөн көп кыйналбай кеткиси келди (Касымбеков).
1. Аркандын эки учуна эки киши байланып алып, белгилүү чектен ашыра бири-бирин сүйрөп тартып кетүүчү улуттук оюн, аркан тартмай. Башташып мындан кийин ит тартышты, Аркандап сүйрөп жатты бири-бирин (Маликов). Атала баш ит тартыш, Андан кийин жөө жарыш («Манас»). 2. Ич ара пикир келишпегендик, ыркы жоктук, ынтымаксыздык. Эми көрүп алабыз, ордодо дагы ит тартыш чыгат (Касымбеков). Ит тартышы бүтчү беле ордоңуздун! – деди Бекназар (Касымбеков).